Мумия чырына депутаттар кийлигишүүдө (видео)

954

Мумия ордуна кайтарылсын. Депутаттык комиссия уникалдуу экспонатты казып, тарых музейине жеткирүү керек деген чечим кабыл алды. Ошондой эле, мумияны көмүүгө жол берген тараптардын жоопкерчилигин кароо да сунушталат. Эске салсак, 2 ай мурда 3-4 адам тарых музейинде турган табылганы жерге берүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. Мындай сунуш дароо колдоо таап, мумия Баткендин Кара-Булак аймагына жашырылган. Окумуштуулар буга каршы чыгып, бул кадам «илимди көмүп салуу менен барабар» деген пикирлерин билдиришкен. Тарых музейинде 60 жыл бою сакталган Борбор Азия өлкөлөрүндө уникалдуу делген экспонат кайра ордуна коюлабы?