Мумия менен кошо табылган баалуу буюмдар кайда? (видео)

2043

Мамлекеттик тарых музейиндеги 503 экспонаттын дайыны белгисиз. Эсептөө палатасы өлкөнүн башкы музейинде жүздөгөн буюмдар жоголгонун билдирди. Музейдин баалуу экспонаттар фондундагы 29 буюм табылбай жатат. Ал эми Михаил Фрунзе атындагы үй-музейинде болсо 104 буюм жоголгон. Музей кызматкерлери болсо, бул экспонаттар10 жыл аралыгында жоголгонун жана бул боюнча тиешелүү органдарга арыз жазылганын айтышууда. Бирок эмнегедир ушул күнгө чейин күнөөлүү кызматкерлерге карата чара көрүлбөптүр. Баалуу тарыхый буюмдар кайда кетти?