Мумияны казып алуу кырсыкка алып келеби? (видео)

1063

Окумуштуулар көмүлгөн мумияны кайрадан эксгумация кылуу керек деген талап коюп жатышат. Алар экспонаттын жерге берилиши, илимге урулган сокку деп эсептешет. Андыктан тарыхый баалуулукту көмүүгө уруксат берген маданият министрин жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Ал эми мумияны көмүү керек деп эсептегендер өлкөдө болуп жаткан кырсыктардын баарын аны менен байланыштырууда. Эскерте кетсек, өткөн ишемби күнү тарых музейинде 60 жылдан бери экспонат катары коюлуп келген мумия Баткен областында жерге берилген.