Мумиянын көмүлүшү чуу жаратты (видео)

1758

Мамлекеттик тарых музейинде сакталып келген байыркы мумиянын көмүлүшү туура эмес чечим болгон. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, мумияны жерге берүү боюнча чечим кабыл алгандар жоопкерчиликке тартылат. Эскерте кетсек, 14-октябрда борбордук тарых музейинде көп жылдан бери турган мумия Баткен областынын Мыктым-Гор деген жерине коюлган. Мындай демилге бир катар коомдук уюмдар тарабынан көтөрүлгөн. Бирок көптөгөн археолог жана илимпоздор бул чечимге каршы чыгышкан. Анткени алдыда дагы изилдөө иштери жүргүзүлүшү керек болчу. Белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Айрым маалыматтар боюнча ал 4-5-кылымдарга таандык.