Мунайзат ташып бараткан дагы бир автоцистерна оодарылып кетти

753

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кырсык Нарын областынын Ак-Кулунду айылына жакын жерде болгон. Анда 8 тонна бензин жана дал ушундай эле көлөмдө солярка ташып бараткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай калганы белгиленүүдө. Айдоочу катуу жабыркаган эмес.

Эске салсак, 2 күн мурда эле Бишкек-Ош жолунда 40 тонналык автоцистерна оодарылып кетип, андагы май жолго төгүлгөн. Жыл башынан бери эле күйүүчү май ташыган унаалардын катышуусу менен 8 жол кырсыгы катталган.

Бул маселе өкмөттүн отурумунда да көтөрүлүп, кооптуу жүк ташыган автоцистерналардын ишин ирээтке келтирүү талабы коюлган болчу.