Муниципалдык автопарк жаңыланууга муктаж (видео)

1134

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн троллейбустардан тышкары жалпысынан 800дөн ашуун автобус керек. Бирок учурда алардын жалпы саны 400дөн ашса, 90дойу гана күн сайын каттамга чыгууда. Анткени калганы оңдоодон өтүп жатат. Ал эми 150дөй автобус таптакыр жараксыз абалга келген. Белгилей кетсек, июнь айында борбор калаага Өзбекстандан 50 автобус алып келинген. Бирок каттамга чыккан бул унааларга ичи чыкпагандар да бар.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Дайырбеков кошуна өлкөдөн келген автобустар эски тетиктерден жасалганы, сапаты начар экенин, ал жактагы завод буларды жок кылуунун айласын таппай турганын билдирген. Бул боюнча мэрия эмне дейт?