«Муниципалдык полиция» таштандыны жок кылууга алы жетеби? (видео)

769

Таштанды маселесин чечүү үчүн муниципалдык полиция түзүү керек. Мындай демилге Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Ага ылайык, эреже бузуп, таштандыны ой-келди ыргыткандар менен күрөшкөн топко жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тарта катардагы жарандарга чейин мүчө боло алат. Алар тамак-аш калдыктарын, желим баштык, бөтөлкө ыргыткандарды видеого же сүрөткө тартып, айыпка жыгышат. Аны менен катар жарандык активисттер дагы өлкөдөгү таштанды көйгөйүнө кайдыгер болбоого чакырып жатышат. Тазалоо иштери маал-маалы менен жургузулгону менен, акыр-чикирлерди таштагандардын саны азайбай жатат, дешет активисттер.