Мурат Суталинов эркиндикке чыкты (видео)

619

3 жылдан бери абакта жазасын өтөп жаткан УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Мурат Суталинов бошотулаарын күтпөгөнүн айтып, көзүнө жаш алып, 2010-жылдагы апрель окуясын токтото албаганы үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады. Ошондой эле ал дарылануусун чет өлкөдө эмес, Кыргызстанда улантарын кошумчалады.