Мурда соттолгондор аким же мэр кызматына дайындалыбы? (видео)

752

Мурда соттолгондор эми аким, мэр жана айыл өкмөтү кызматтарын ээлеп калуулары мүмкүн. Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштоодо. Демилгеленип жаткан документте оор жана өзгөчө оор кылмыштан башка иштер үчүн соттолуп, бирок соттуулугу кыскаргандардын жергиликтүү бийлик органдарына жетекчи боло алаары жазылган. Өз кезегинде бул сунушка эксперттер каршы чыгышууда. Алардын айтымында, мындай болгон күндө жергиликтуу бийликтердин кадыры түшүп, муниципалитет башчыларынын абройу коомчулукта биротоле начарлайт.