Мурда соттолгондор президент жана депутат болбошу керек (видео)

685

Президенттикке жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер мурда соттолгондор болбошу керек. Бул тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште сунушталууда. Ошондой эле, ал документте мамлекет башчысы же парламент мүчөсү болом деген адамдын сөзсүз түрдө жогорку билимдүү болушу керек деген норма дагы камтылган. Мыйзамдын авторлору мындай демилге менен чыгууга шайлоочулар менен жолуккандагы элдин талабы себеп болгонун айтышууда. Андыктан бул сунуш коомчулуктун колдоосуна ээ болуп жатат. Бирок ал арада аталган мыйзам долбоору саясий негиз менен соттолгондордун келечегине балта чаппайбы деп чоочулагандар да бар.