Мурдагы башкы прокурор Аида Саляновага «пневмония» диагнозу коюлду

705

Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Салянова жүрөк илдетине байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган болчу. Маалыматтарга караганда, учурда медицина кызматкерлери анын өпкөсүн жасалма аппарат менен дарылап жатышат.

Эске салсак, экс-башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп чыгышына шектүү катары, быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

Эки апта мурда ал жүрөк илдетинен улам ооруканага которулган. Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылып, бирок ал канааттандырылган эмес.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.