Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыгарылды

4537

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков түзөтүү колониясынан чыгарылды. Аны тарапташтары барып тосуп келишкенин Исаковдун адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” кабарлады. Адвокаттын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялардан соң жарандардын талабы менен Сапар Исаков абактан чыкты. “Бирок мыйзамга ылайык, жакын арада Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери кайрадан сотто каралып, актаган чечим чыгышы керек. Баары укуктук талаада болушу керек”, — деди адвокат.

2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны «Коррупция» беренесинин негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Андан соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан чыгарылганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.