Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков камакка алынды

1027

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу 386 миллион доллар Кытай насыясын максатсыз пайдаланганы үчүн 29-майда Исаковго Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү ага айыбы угузулуп, «эч жакка чыкпоо» жөнүндө тилкатынын негизинде бөгөт чарасы бекитилген.