Мурдагы президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келди

1281

Ал бүгүн эртең менен Москва-Бишкек авиакаттамы менен Бишкекке келип конгону маалым болду.

Белгилей кетсек, 47 жаштагы Бермет Акаева Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын төрт баласынын эң улуусу. 2005-жылы иниси Айдар экөө Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланышкан. Бирок бул 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун келип чыгышынын себептеринин бири болуп, алар мандаттан ажырашкан.

Ал эми Аскар Акаев үй-бүлөсү менен ошол эле жылы өлкөдөн чыгып кетип, 5-апрелде өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу расмий арызын жазган. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.

Учурда мурдагы президент Москва шаарында жашап жатат. Ал эми балдары Бермет Акаева жана Илим Акаев Кыргызстанга каттап жүрүшөт.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.