Мурдагы судья Эльвира Жаркееванын иши сотко өттү

682

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ага ылайык, башкы көзөмөл органы Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекитип берген. Мурдагы фемида өкүлү «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «алдамчылык», «коррупция» жана «атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу» беренелери менен айыпталууда.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, судья кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алуу үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган.

Өз кезегинде ал доо арызды жазган Кытай жаранына Кыргызстанда “алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, издөөдө жүргөн. Бул факт боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун 7 судьясын «коррупция» беренеси боюнча айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.