Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов камакка алынды

884

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген. Ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында 5 дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

15-майда ушул эле ишке байланыштуу мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.