Мушкер Орзубек Назаров ИИМди сотко берип утуп алды (видео)

906

Спортчу Орзубек Назаровдун кызынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча бир инспектор 3 жылга соттолду. Ал эми экинчиси толугу менен акталды. Мындан тышкары, Ички иштер министрлиги Орзубек Назаровго моралдык жана материалдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилди. 2 жыл мурда болгон кырсык боюнча соттук жараян жыйынтыкталды.

2017-жылы спортчунун кызы досу менен мотоциклде бара жатып унаа менен кагылышкан. Анын кесепетинен 21 жаштагы жигит каза болгон. Орзубек Назаровдун кызы 10 күндөй комада жаткан. Териштирүү учурунда мотоциклдин артынан эки милиционер кызматтык унаасы менен куугандыктан кырсык болгону аныкталган.