Мушташ менен коштолгон автобус айдоочуларынын иш таштоосу (видео)

2583

Бишкек шаарынын тургундарынын бир тобу коомдук транспорт жок, көчөдө калышы ыктымал. Себеби муниципалитеттин айдоочулары иш таштоого барышты. Талаптары аткарылбаса, жумушка чыкпайбыз, деп эскертишти. «Бишкек жүргүнчү автотранспорт ишканасында» эмгектенген айдоочулар автобазанын директору Нурлан Койчубаковду алмаштырууну талап кылышууда.

Айтымдарында, айлыктын аздыгы аз келгенсип, жетекчи көйгөйлөрдү чечпей келет. Отчетторунун баары кагаз жүзүндө гана калууда, дешет алар. Койчубаков болсо айткандарды четке кагууда. Ал арада иш таштаган айдоочулар менен жетекчилердин ортосунда мушташ да чыгып кетти.