Мьянма бийлиги рохинжаларды мекенине кайтара баштады

778

Мьянма өкмөтү коңшулаш Бангладешке жер которгон бозгундардын арасынан алгакы үй-бүлөнү өлкөгө кайтарганын жарыялады. Алар Мьянма аскерлеринин жана укук коргоо органдарынын катаал репрессиясынан кутулуу үчүн качып кетүүгө аргасыз болушкан.

AFP агенттигинин маалыматына караганда, бийликтин аёосуз мамилесинен корккон 700 миң рохинжа Мьянмадан Бангладешке качып барган.

Укук коргоочулар Мьянмага кайтып бара турган мусулмандардын коопсуздугу коркунучта экенин, бийлик азыр пропаганда саясаты менен алектенип жатканын айтышууда.

Мьянмада мусулман-рохинжалар 2017-жылдын августунда бул өлкөнүн бийлиги тарабынан катуу репрессияга жана зомбулукка кабылган. Алар Бангладешке качууга аргасыз болгон.

Бириккен Улуттар Уюму мындай аракеттер үчүн Мьянманы айыптап, рохинжаларды кысымга алуу мыкаачылык жагынан этникалык тазалоо катары эсептелерин билдирген. Мьянма бийлиги муну четке кагып, аскерлер куралдуу козголоңчуларга каршы операция жүргүзгөнүн айткан.

Бангладеш менен Мьянма бозгундарды мекенине кайтаруу жараяны башталганын бир нече жолу жарыялаганы менен ишке ашкан эмес.