Мьянмада суу ташкындан улам 50 миңден ашык киши үйүн таштап кетти

851

Мьянмадагы катуу суу ташкындан улам дээрлик 50 миң киши үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, суу он миңдеген үйдү каптап, бир нече көпүрөнү жууп кетти. Андан тышкары өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү жолдор менен инфраструктура зыянга учурап, күрүч талаалары суу алдында калды.

Суунун деңгээли тездик менен жогорулап жаткандыктан, куткаруучулар дарыя жана көлмөгө жакын жашаган тургундарды үйлөрүн шашылыш таштап кетүүгө чакырышууда.

«Кызыл чырым» уюмунун жергиликтүү бөлүмү жабыркаган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берип, адамдарды эвакуациялоо иштерине катышууда. Мындан тышкары жабыркагандарга БУУнун гуманитардык миссиясы дагы көмөктөшүүдө.

Өлкө президенти Вин Мьинт суу ташкындан жабыркагандардын саны 100 миң кишиге чейин жетиши мүмкүндүгүн билдирди.

Жыл сайын муссон мезгилинде Мьянмада суу ташкындар менен жер көчкүлөр болуп, он миңдеген адамдар жабыркап, инфраструктура зыянга учурайт.