Мыйзам бузган партиялардын алган добуштары жокко чыгарылат (видео)

1962

Жеңип чыккан партиялар арасында шайлоо маалында одоно мыйзам бузганы аныкталса, жарыштан четтетилип, каттоосу жокко чыгарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Каттоосу жокко чыгарылган учурда, уткан партиянын мандаттары 7 пайыз босогодон өткөн саясий бирикмелер арасында бөлүштүрүлөт.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери добуш сатып алуу боюнча үч фактыны иликтеп жатат. Эгер анда партиялардын, депуттаттыкка аттанган талапкерлердин аты чыга турган болсо, айып пул салынып, ал тургай, каттоосу жокко чыгарылышы мүмкүн экен. Ал арада жеңилген айрым партиялар добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо дайындалышы керек деп талап кылышууда.