Мыйзам бузуулар менен курулган “Ынтымак” эс алуу багы (видео)

2651

Бишкектеги «Ынтымак» сейил багын курууда мэриянын кайсы кызматкерлери мыйзам бузууга барган? Башкы прокуратура аталган парктын курулушу боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматтарга караганда, курулуш материалдар, аткарылган иштердин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылып, зарыл болгон каражаттарды алууда, сатып алуу жоболору сакталган эмес.

Мындан тышкары квалификациялык талаптарга жооп бербеген сынактын катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.