Мыйзам бузууларга карата БШК чечим чыгара албай жатат (видео)

893

Административдик ресурка каршы туруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бүгүн шайлоо кодексиндеги мүчүлүштүктөр талкууланган жыйында билдирди. Анын айтымында, мыйзам бузуулар ачык эле көрүнүп, далилденип турса дагы БШК кескин чечим чыгара албай мокок болуп жатат. Мындан тышкары, мыйзамдагы айрым кемчиликтер дагы административдик ресурс, добуш сатып алуу, кара PR сыяктуу корүнүштөргө каршы турууга тоскоолдук жаратууда. Андыктан тиешелүү документтерди шайлоого аз калганда чукул кабыл алуу туура эмес, дешет эксперттер.