Мыйзамды аткарган телеканалдар (видео)

670

НТС телеканалы атамекендик өндүрүштөн чыккан жана кыргыз тилиндеги программаларды көрсөтүү боюнча алдыңкылардын бири болду. Бул тууралуу Эксперт.kg уюмунун изилдөөсүнүн жыйынтыгында айтылат. Өткөн жылы телерадио көрсөтүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

Анда көрсөтүлгөн программалардын 50 пайыздан кем эмеси жергиликтүү өндүрүштөн чыгарылган жана мамлекеттик тилде болушу керектиги көрсөтүлгөн. Көз карандысыз изилдөөнүн жыйынтыгында бул талаптарды өлкөдөгү 7 гана телеканал аткарып жатканы белгилүү болду.