Мыйзамга баш ийбеген кооперативдер (видео)

773

Кооперативдерди кантип мыйзамга чакыруу керек? Парламентте бул жааттагы документке өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Эми мүчөлөрүнүн саны 15тен кем эмес, ээлеген жер тилкеси 50 гектардан ашкан чарбалар гана кооперативге бириктирилет. Себеби өлкөдө жеңилдиктерди алуу үчүн өз-ара ирилешип алып, бирок мамлекетке пайда келтирбеген чарбалар өтө көп экен. Аларды көмүскөдөн чыгарып, тартипке келтирүү керек, дешет өкмөт мүчөлөрү.