Мыйзамга баш ийбеген мектеп бүтүрүүчүлөрү (видео)

1834

Бүгүн мектепти бүтүргөндөрдүн шаңдуу майрамдоосунда коопсуздукту камсыздоого 500дөн ашуун милиция кызматкери тартылды. Бишкек шаарынын патрулдук милициясы өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор менен биргеликте атайын рейдге чыгып, алар түн киргенче иштешет. Эске салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө лимузинди ижарага алып, көчө кыдырып сайраңдоого тыюу салынган. Мындай чара бүтүрүү кечесине жакын жол кырсыктары көп катталганына байланыштуу иштелип чыккан. Тажрыйба көрсөткөндөй, мектепти бүтүргөнүн майрамдагандар арасында — суицид, зордуктоо жана жол кырсыктары көп катталат. Андыктан быйыл алдын алуу чаралары эртелеп башталды.