Мыйзамга баш ийбеген сот аткаруучулар (видео)

1474

Сот реформасын жүзөгө ашырууну Сот департаментинен баштоо керек. Бул органдын айрым кызматкерлери мыйзамды бузганына карабай жоопкерчиликке тартылбай жатат, дейт адистер. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы өкүлү Руслан Умаров иликтөө жүргүзүп, төбө чачты тик тургузган фактыларды таап чыккан. Анын айтымында, документ түрүндө берилген далилдерге карабай, соттук аткаруучулар жазаланбай, жада калса жумуштан да четтетилген эмес. Андыктан Башкы прокуратура Сот департаментинин ишин текшерүүсү керек, дейт юристтер.