Мыйзамсыз иштеген газ куюучу станциялар (видео)

882

Ошто айрым газ куюучу станциялар мыйзамсыз иштеп жатышат. Бул туурасында Кара-Суу райондук салык кызматы жана суютулган газ тармагындагы кыргыз ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү билдиришүүдө. Мисалы, Ош областынын Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан газ куюучу жай салык төлөөдө мыйзам бузган, андан тышкары Ош шаарындагы станцияда экологиялык- жана техникалык коопсуздук эрежелери сакталбай келет.

Суюлтулган газ тез жарылуучу зат болгондуктан, коопсуздук эрежелерин бузуу адам өмүрүнө коркунуч жаратат, дешет адистер. Учурда Кара-Суу райондук экологиялык жана техникалык коопсуздукту көзөмөлдөө инспекциясына арыздар түштү, текшерүү пландалып жатат.