Мыйзамсыз курулуштар түшкөн жерлер трансформацияланат (видео)

3163

Мыйзамсыз курулуштар түшкөн жерлер бир жумадан соң трансформацияланып баштайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жер тилкелеринин мунапысына байланыштуу жобо иштелип чыгып, учурда министрлер кабинетинде экени белгилүү болду.

Ага ылайык, мыйзамсыз курулуштар түшүрүлгөн 30 миң гектардан ашык жер трансформацияланат. Мунапыска өлкө боюнча 105 миң турак-жай жана 1 миңдей курулушу бүтө элек үй кирген. Анын ичинен Бишкек шаарынын 44 конушунда эле жалпысынан 6,5 миңге чукул турак-жай бар экен.