Мыйзамсыз миграцияга каршы кандай аракеттер көрүлүүдө? (видео)

3965

Былтыр Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 210 факты катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Кылмышка шектүүлөрдүн арасында айрым жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү бар экени ачыкка чыгууда.

Жогорку билим берүү мекемелеринин бири чет өлкөдөн студент катары келген жарандарды билим алып жүрөт деген жалган маалыматтарды мамлекеттик органдарга берип турганы аныкталды. Мунун айынан чет жактан келген жарандар оор кылмыштарга аралашкан учурлар да бар. Мыйзамсыз миграцияга каршы кандай аракеттер көрүлүп жатат?