Мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 180 кылмыш иши токтотулуп, 39 кыскартылган

828

Акыркы беш жылда Кыргызстанда паспорттордун мыйзамсыз берилиши боюнча 405 кылмыш иши козголгон. Ал эми 180 иш токтотулуп, 39у өндүрүштөн кыскартылган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Буга чейин Кыргызстандын паспорттору чет өлкөлүк жарандарга, криминалдык төбөлдөргө, качкында жүргөндөргө берилгени боюнча бир нече фактынын бети ачылган. Алсак, 2016-жылы Түркияда аэропорттон Кытайдын уйгур улутундагы 98 жараны жасалма кыргыз паспорту менен кармалган. Бул боюнча төрт кишиге айып коюлган.

Кыргызстандын эки жараны кытайлыктар менен сүйлөшүп, кыргызстандыктарды Умрага арзан алып барып келүү тууралуу жарыя беришет. Алар 98 жарандын паспортун чогултуп, виза ачылган соң ар кандай шылтоолорду айтып, документтерди кайра ээлерине кайтарышат. Андан соң топтолгон маалыматтардын негизинде жасалма 98 паспорт даярдалып, ага мурда алынган визалар чапталып, Түркияга жиберилген.

Окуяга байланыштуу кыргызстандык эки жана кытайдын бир жаран кармалып, камакка алынган. Дагы бир адамга издөө жарыяланган. Ал эми 98 паспорттун чыныгы ээлери Ош областынын тургундары экени аныкталган.