Мыкты окуган 74 студент президенттин колунан стипендия алды (видео)

12145

Ар бир өлкөнүн келечеги акылдуу, билимдүү жаштардан көз каранды. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган студенттерге стипендия тапшырып жатып билдирди.

Бул сапар өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын 74 студенти мыктылардын мыктысы деп табылган. Келечектеги аскер, милиционер, дарыгер, мугалим жана башка кесиптин ээлерине сыйлыкты тапшырып жатып, президент Сооронбай Жээнбеков билимдүү жаштар өлкөнүн өнүгүүсүндө негизги үмүт экенин баса белгилеп өттү.