Н. Алмаматовду эркиндикке кое берген судьяларга «сөгүш» берилди

4732

Коррупционер Насырбек Алмаматовдун 12,5 жылдык жаза мөөнөтүн айыпка алмаштырып, аны эркиндикке кое берген Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы «сөгүш» менен гана кутулуп кетмей болушту. Тиешелүү чечимди соттор кеңешинин тартип комиссиясы чыгарды.

Эске салсак, буга чейин аталган мекемеге Алмаматовду бошотуп жиберген судьяларга карата чара көрүү боюнча «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмеси жана Башкы прокуратура кайрылган болчу. Эске салсак, Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов коррупцияга айыпталып, аны Октябрь райондук соту 12,5 жылга темир тор артына кескен.

Бирок көп өтпөй аны Бишкек сотунун судьялары Адис Момуналиев, Нурлан Кожомбердиев жана Алмаз Карабековдор айып менен бошотуп жиберишкен. Кийин бул чечимди Жогорку сот жокко чыгарган маалда Насирбек Алмаматов 3 миллион 300 миң сом айыпты да төлөбөстөн, өлкөдөн качып кеткени белгилүү болгон.

Учурда Алмаматов мамлекеттер аралык жана эл аралык издөөдө. 24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинде мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков «Алмаматовдун иши» прокуратура менен сот тармагына көө жаап жатканын айтып, мекемелердин жетекчилерин катуу зекиген. Андан бир апта өткөндөн кийин гана башкы көзөмөл органы тартип комиссиясына арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.