Нааразычылык акциясына чыккандар күч менен таратылды (видео)

2598

“Ала-Тоо” аянтына нааразычылык акциясына чыккандар күч менен таратылды. Митингге чогулгандар тартип сакчыларына карата таш ыргытышса, ал эми атайын даярдыктагы күчтөр суу буркуп, көздөн жаш агызуучу газ колдонушту. Нааразыланган тарап, калаанын бир нече көчөлөрүн аралай качып, таш ыргытып жатышты. Анын кесепетинен бир нече милиция кызматкерине жана унааларга таш тийгени белгилүү болду.

Митингге чыккандар 20дай талап коюшкан. Алардын негизгиси — учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу. Бирок кечээ Садыр Жапаров абактан тарапташтарына жазуу түрүндө кайрылып, анда алардын нааразычылык акциясын үчүнчү күчтөр, чагымчылдар колдонуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн деп айткан. Ошондуктан митингге чыкпай коюуну суранган.

Буга карабай чогулгандар кечки алтыга чейин Ала-Тоо аянтында болушуп, бир топ катуу сын-пикирлерди айтышты. Тартип сакчыларынын тарагыла деген талабына баш ийишпей, кечинде саат алтыларда Ак үйдү көздөй бет алышып, алдынан тосуп чыккан милиция кызматкерлерине баш бербей коюшту. Дал ушул убакта күч менен таратуу аракеттери башталды.