Нааразылык акциясына чыккандар Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылышууда

2826

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына нааразылык акциясына чыккандар 20дай талап коюшту. Алардын негизгиси учурда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровго ырайым берүү же жабык жайдан мунапыс менен чыгарылуусу. Айтымдарында тиешелүү кайрылууга 780 миң киши кол коюп берген.

Белгилей кетсек, бир ай мурда Башкы прокуратура Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда бошотулбай тургандыгын билдирген. Анда Жапаров Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгонун, ага ылайык аны жатак абакка которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбой турганы белгиленген.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Былтыр ноябрда Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.