Наманганда тамак-аштан 36 киши ууланды

1237

Наманган облусунун Касансай районунда жапырт уулануу катталды. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, 5-февралда саат 6:00дөн 12:00гө чейин тамак-аштан уулануу белгилери менен ооруканага 36 жаран кайрылган. Алар кусуп, баштары ооруп, өзүлөрүн начар сезип жатканын айтышкан.

Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жабырлануучулар 4-февралда борбордук дыйкан базарынан чучук жана «холодец» сатып алып жешкен.

Касансай районундагы эпидемиялык абалды иликтөө үчүн аймакка Саламаттык сактоо министрлигинин жана Анжиян медициналык институтунун адистери жөнөтүлдү.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана салыкчылар аймактагы дыйкан базарларда текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.