Нандан чычкандын заңы чыкты (видео)

460

Бишкекте тамак-аш өндүрүүчүлөргө нааразычылыктар көбөйүп жатат. Жети ай ичинде эле Санитардык-эпидемиологиялык станцияга 96 адам арыз менен кайрылып, 41 жаран ууланганын билдиришкен.

Бишкек шаарынын тургуну Тамара Саматова калаадагы дүкөндөрдүн биринен нан сатып алып, бөлкөнүн ичинен келемиштин заңы чыккан. Мындай жагымсыз окуяга пенсионер эки жолу кабылган. Наабайкананын кызматкерлерине кайрылганы менен абал өзгөрбөгөнүн айтат.