Нариман Түлеевдин мурунку жубайы президентке ачык кат жолдоду

637

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин мурунку жубайы менен балдары президентке ачык кат жолдошту. Анда Жогорку Кеңешке, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка тиешелүү органдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок эч кандай жооп болбогонун айтып нааразы болушууда.

Тактап кетсек, Мира Сыдыкованын үйүнө сот аткаруучулары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үйдү тартып алууга келген. Алар Ленин райондук сотунун өкүмүн аткаруу максатында барып, бирок бир туугандары жана тарапташтары менен тиреше кетишти.

Түлееевдин бир туугандары билдиргендей, бул үй мэрлик кызматка чейин эле салынган, конфискациялоого эч кандай тиешеси жок. Мындан тышкары, соттун өкүмүндө Рахимов атту адам жазылган, дейт үй-бүлөнүн жактоочусу Александр Мощин. Ал киши бул үйдө жашабайт, буга чейин да жашаган эмес экен. Жыйынтыгында, Нариман Түлеевдин мурунку жубайынын үйүн конфискациялоо 20 июлга чейин токтотулду.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы коррупция беренеси менен айыпталып, Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барган делип кылмыш иши козголгон.

Андан соң, Түлеев мамлекетке 60 миллион сомду кайтарып берип, 2016-жылы 7-майда эркиндикке чыккан. Бул сумманын жарымын акчалай, калганын кыймылсыз мүлк 11 батир менен төлөп берген.