Наристени чапкан бала бакчанын тарбиячысына кылмыш иши козголду

731

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада наристени сабаган тарбиячыга карата кылмыш иши козголду. Мекеменин 29 жаштагы кызматкери «жашы жете электи тарбиялоодо милдетин аткарган жок» деген берене боюнча айыпталууда. Бала бакчада 3 жаштагы кызын ур токмокко кабылганы боюнча ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.

Интернетке мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тарбиячы балдарды кагып-силкип, жулкулдатып, айрымдарына кол көтөргөнү тартылган видео тараган.

Тарбиячыга козголгон кылмыш иши боюнча, ал 2 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.