Наристени чарчап калганча сабаган деп айыпталган келиндин 6 айлык боюнда бар

1240

Ош шаарында эки жаштагы наристени чарчап калганча сабаган деп айыпталган келин тергөө абагына киргизилди. Шектүү 5 баланын энеси жана азыр 6 айлык боюнда бар.

Өткөн аптада Ош шаарында 30 жаштагы аял кайнисинин эки жаштагы баласын шымын булгап койгону үчүн катуу сабап салган. Наристе ооруканага жеткирилгенде, ал эчак эле үзүлүп кеткени аныкталган. Анын денесинде көгала тактар болгон. Баланын ата-энеси ажырашып кетип, наристе атасында калган. Ал болсо, чет өлкөгө иштеп кетип, балдарын бир тууган агасына калтырган.

Тергөө учурунда шектүү наристени урганын моюнга алган.

Акыркы бир ай ичинде эле чет өлкөгө иштеп кеткен мигранттардын балдары жакындарынын ур-токмогунан каза болгон үчүнчү учур катталууда.

Буга чейин, Чүй менен Ысык-Көл областтарында дагы ушундай фактылар болгон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.