Наристенин өлүмүнө айыпталган дарыгер бейтапканада жатат (видео)

683

7 айлык ымыркайынан айрылган келиндин туугандары Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылды. Алар төрөткананын нөөмөт бөлүмүндөгү дарыгердин жоопкерчиликке тартылуусун талап кылып жатышат. Ушул аптада Бишкектеги Перинаталдык борборго 24 жаштагы келин кайрылып, бирок убагында тиешелүү жардам ала албай калгандыктан, боюндагы бала өлүк төрөлдү, дешет нааразы болгондор. Ал эми келин өзү жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Буга анын жакындары төрөтканада нөөмөттө турган дарыгерди айыптап жатышат. Бирок ак халатчандар мындай айыптоону четке кагууда.