Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, уулун жарадар кылгандар кармала элек

753

Белгилүү диний кызматкер Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, уулун жарадар кылгандар кармала элек. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

4-майга караган түнү аалымдар кеңешинин төрагасынын Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүнө белгисиз адамдар кирип, короодо турган унаанын айнегин сындырып, документтер менен кошо сегиз миң сом акчаны алышкан. Андан кийин, каракчылар үйдүн ичине кирүүгө аракеттенишкен.

Ошол учурда, Абдышүкүр Нарматов менен 21 жаштагы уулу аларды көрүп калып, кармоого аракет жасашканда, ууруулардын бири диний ишмердин баласын аткан. Бутунан жаракат алган жигит ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн соң, үйүнө чыгарылыган. Учурда абалы канааттандырарлык.

Бул окуядан кийин Аламүдүн райондук милициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.