Нарын: каракчылык кылган шектүү адам кармалды

1139

Нарында дарыканага беткапчан кирип барып, каракчылык кылган шектүү адам кармалды. Ал 19 жаштагы Бишкектин тургуну экенин областык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, кечээ кечинде Нарын шаарындагы дарыканалардын бирине беткапчан белгисиз бирөө кирип келип, сатуучуну ур-токмокко алып, кассадагы акчаны алып кеткен. Чыгып баратып, кылмышкер акчаны чачып алып, аны жыйнап кирген. Бул убакта, окуяга чейин дары-дармек сатып алуу үчүн келген шаар тургуну төркү бөлмөгө качып барып, милицияга чалууга үлгүргөн.

Жалпы чыгым 6 миң сомду түзгөн. Кылмыш иликтөө чараларынын негизинде шектүү кармалып ага карата «каракчылык» беренесинин негизинде иш козголду.