Нарын областындагы Долон ашуусунда жол кырсыгынан бир киши каза тапты

824

Бишкек-Торугарт жолунда жеңил унаа менен жүк ташыган машина сүзүшкөн. Анын кесепетинен, жеңил автоунаанын айдоочусу ошол жерде мерт кеткен.

Ал эми андагы жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, түндө Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарында эки автоунаа кагылышып, эки киши жабыркады. Аларга куткаруучулар биринчи жардам көрсөтүп, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.