Нарын облусунда мыйзамсыз жүк ташуучу машина алып келген адам кармалган

1031

Аткезчилик жолу менен алып келинген автоунааларды аныктоо уланууда.

Нарын областынын Ат-Башы айылында өлкөгө мыйзамсыз жүк ташуучу машина алып келген адам кармалды. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.

Бажы төлөмү жок контрабандалык жол менен жүк ташуучу унаа киргизилгени аныкталгандан кийин, машинанын ээси мамлекетке 1 миллион 445 миң сом төлөп берген.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашкандай, эми ал 204-беренеге ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен кутулушу мүмкүн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.