Нарын ресторанында Леонид Брежневге бункер коюлганбы? (видео)

857

Бишкек шаарындагы мурдагы Нарын ресторанынын ордуна 20 кабаттуу мейманкана тургузулат. Долбоор кытайлык ишкана тарабынан ишке ашырылмакчы. Совет доорунда баш калаадагы эл эң көп келген, популярдуу эс алуучу жай — убагында шаарга эстетикалык көрк берип турган, дешет адистер. Тилекке каршы, акыркы 10 жылда имарат кароосуз калып, талкаланып бүткөн. Мындан улам, Нарын рестораны архитектуралык баалуулугу бар, тарыхый-маданий мурас катары эсептелген имараттардын тизмесинен чыгарылган. Жеке менчикке өтүп кеткен объект эми инвесторлор тарабынан түрттүрүлө баштады. Буга нааразы болгондор көп. Архитекторлор болсо, Нарын ресторанын оңдоп-түзөп койсо болмок дешүүдө.