Нарында «Акылдуу шаар» долбоору ишке кирет (видео)

3544

Жаңырган жылда Нарында «акылдуу шаар» долбоору ишке кирет. Бул иш-чара «Ага Хан» фондунун колдоосу менен ишке ашканы турат. Анын алкагында калаа ичиндеги коопсуздукту камсыздоо иштери жогорулап, муниципалдык кызматтардын сапаты жакшырат.

Ошондой эле, дагы бир топ долбоорлордун планы иштелип жатыптыр. Буга чейин тоолуу өрөөнгө заманбап медициналык борбор курулуп, бул аралыкта 30 миңден ашуун бейтап ден-соолугун чындап кетишкен. Медициналык мекемени куруу үчүн 1 миллион доллардан ашык каражат сарпталган.