Нарында эл кытай ишканасына каршы чыкты

842

Нарын районундагы Эмгекчил айылында жүздөй киши чогулуп, Солтон-Сары жайлоосуна алтын кен комбинатын курууга каршы чыгышты.

Чогулгандар менен Мамлекеттик геология агенттигинин, жергиликтүү бийликтин жана комбинат курууга лицензиясы бар кытайлык “Jhong ji Mining company” компаниясынын өкүлдөрү жолугушту.

Жыйындын соңунда жергиликтүүлөр комбинаттын зыяндуулугун иликтеп чыгыш үчүн комиссия түзүштү.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган жана анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курулмак. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылууда.

Чогулгандар «Солтон-Сары жайлоосуна алтын комбинаты курулбасын» деген талап коюшту. Алар эгер комбинат салына турган болсо андан чыккан саркынды суу жайлоонун суусуна кошулуп, аны мал менен кошо ошол жердеги малчылар кошо ичип, ден соолукка олуттуу зыян тийгизээрин айтышты.

Чогулгандарга “Jhong ji Mining” компаниясы Эмгекчил айылына социалдык пакет катары 13 млн. сом берилээри айтылды. Мындан сырткары айылдагы суу каналдын курулушуна буга чейин беш млн. сом которулган экен. Бирок мындай жардамга эмгекчилдиктер макул болушкан жок.

Нааразы тарапка жооп бериш үчүн өкмөттүн Нарындагы өкүлү, Нарын районунун акими, Мамлекеттик геология комитетинин адистери келди. Ал эми алтын комбинатын курчу “Jhong ji Mining” компаниясынын өкүлү Гүлмира Ибраимова «комбинат экологияга зыян келтирбейт, атайын иликтөө, экспертизалык иштер жүргүзүлгөн» деп ишендирди.

Компаниянын жүргүзгөн алгачкы иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча алар иш жүргүзө турган 1500 гектар жерде 10 тонна 52 кг алтын бар. Комбинаттын курулушу болсо 2018-жылга пландалган. Ишкана жерди убактылуу пайдаланыш үчүн 2030-жылга чейин мамлекеттен уруксат алган. Ибраимова эми эл макулдугун берсе эле иш башталаарын айтты.

Солтон-Сары жайлоосунда жайгашкан алтын кени Нарын районунун Эмгекчил жана Миң-Булак айылдарына карайт. Ал эми эмгекчилдиктердин ишке жарамдуу бөлүгүнүн басымдуусу бул аймактан алтын чайкап, оокат кылаары белгилүү. Жыйында «кенди башка өлкөнүн өкүлдөрү эмес, жергиликтүү ишкерлер, тургундар эле иштетсе» деген да сөз болду.