Нарында «Хово» үлгүсүндөгү унаа оодарылып, айдоочусу каза болду

645

Кытайдан кездеме жүктөп келе жаткан «Хово» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Бишкек-Нарын-Торугарт трассасынын 353 чакырымындагы Кызыл-Бел ашуусунда ала салып жолдон чыгып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 32 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, алгач жол четиндеги бетон тосмону сүзүп, андан соң тоодон ылдый кулаган.

Айдоочу алган жараттарынан улам кырсык болгон жерде каза тапты. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн алып чыгып, тиешелүү тараптарга өткөрүп беришкен. Бул окуя боюнча тергөө иштери башталды.