Нарында мектеп, бала бакча, ооруканалар жылуулуксуз калды (видео)

845

Суук түшкөнүнө карабастан, Нарын шаарында социалдык обьектилер менен жеке турак-жайларга жылуулук бериле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды. Депутаттар кышы катаал аймакта жылуулук маселесин тезинен чечүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле, бир катар эл өкүлдөрү мектеп жана бала бакчалардын курулушу боюнча көйгөйлөргө токтолушту.

Бул маселелер өкмөттүк саатта каралмак. Бирок парламент төрагасы да, өкмөт мүчөлөрү да башка иш-чарага кеткендиктен, бул суроолор кийинки аптага жылдырылды. Буга айрым депутаттар нааразы болушту. Себеби келерки апта эс алуу күндөрүнө туш келип, маселени кароо дагы жылдырылышы ыктымал. Суук башталып калгандыктан, тезинен чечүүнү талап кылган маселелер абдан көп, дешет эл өкүлдөрү.